Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Кыргызстан Түштүк Кореяга көңүл айтты


Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Корей жарым аралынын түштүк-батышында «Севол» кемесинин кыйрашына байланыштуу Корея республикасынын президенти Пак Кын Хего көңүл айтты.

Атамбаев кырсыктан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жараат алгандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишин каалады.

Өткөн аптада Түштүк Кореяда кырсыкка кабылган кеменин ичинде 476 адам бараткан. Алардын 340ы мектеп окуучулары. Соңку маалымат боюнча, чөгүп кеткен кеменин ичинен 64 кишинин сөөгү чыгарылды. Дагы 240 адамдын дайыны жок болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG