Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Бишкек көчөлөрүнүн бирине Путиндин ысымын берүү сунушталды


Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине Орусия президенти Владимир Путиндин ысымын ыйгаруу сунушталып жатат. Режиссер Нурлан Абдыкадыров ушундай демилге менен президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” режиссер өзү билдирди.

- Кыргызстан экономикалык жактан көбүрөөк Орусияга көз каранды болгондуктан жана көпчүлүк кыргызстандыктар ошол жакта жан багып жүргөндүктөн Путин ушундай сыйга татыктуу,- дейт Абдыкадыров.

Азырынча бул сунушка бийликтен жооп бериле элек.

Нурлан Абдыкадыров кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Азыр убактылуу жумушсуз. Владимир Путиндин ысымы 2011-жылы Чүй облусунун аймагында жайгашкан Тянь-Шань тоо кыркасындагы чокулардын бирине ыйгарылган. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG