Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:07

Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы белгиленүүдө


Улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган "Салттуу музыка жумалыгы" башталды. 25-апрелде жыйынтыктала турган маданий иш-чара бүгүн улуттук Илимдер академиясынын окумуштууларынын “Токтогул Сатылганов жана 21-кылымдагы салттуу маданият” деген темадагы илимий-практикалык жыйыны менен башталды. Ага жергиликтүү жана чет элдик адабиятчылар катышып жатат. Жумалыктын алкагында талкуу, студенттер менен адабиятчылардын жолугушуулары өтөт. Ар бир жыйынды боордош элдердин жана кыргызстандык салттуу музыка өнөрпоздорунун концерти коштойт.

Сатылгановдун юбилейлик мааракесин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим жана илим министрлиги, Илимдер академиясы жана Бишкек шаардык мэриясы баш болгон бир катар мекемелер өткөрүп жатат. (ATe)

XS
SM
MD
LG