Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

Аманбаев: Момунтаева ишиндеги кемчилик үчүн сөгүш алган


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев өзүнүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү Арзыкан Момунтаевага өткөн жылдагы ишиндеги кемчиликтери үчүн сөгүш жарыялаганын, анын иши канааттандырарлык эмес деп табылганын билдирди. Аманбаевдин "Азаттыкка" айтымында, 2013-жылы өкүлчүлүк 12 гана кишинин укугун коргогон:

- Ал жерде үч адам иштейт. Бир жылда 12 эле иш каралыптыр. Бул деген алар айына бир гана арыз менен иштегенин билдирет. Демек, иш жүргөн эмес. Системалуу иш жүргүзүлгөн эмес. Тагыраак айтсам, ондогон адамдардын тагдырына тиешелүү иштер каралган эмес. Буга байланыштуу чогулуш болуп, протоколдун негизинде, суроо-жооп жүргүзүлүп, ал кишиге сөгүш жарыяланган.

Омбудсмендин айтымында, Момунтаева акыйкатчыны эмес, ошол чогулуштун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп сотко кайрылган.

Арзыкан Момунтаева “Аманбаев кызматкерлерди кысымга алып жатканы үчүн” аны сотко бергенин “Азаттыкка” билдирген болчу. Ал омбудсмен Таласка келип өзү менен бетме-бет сүйлөшпөгөнүн, абалды жеринен көрбөгөнүн билдирген. Аманбаев муну акыйкатчыны каралоо катары баалады. (SE)

XS
SM
MD
LG