Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Сирияда президенттик шайлоо 3-июнда болот


Сирияда президенттик шайлоо 3-июнга белгиленди. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Мухаммед ал-Лаххамга шилтеме кылып "ал-Арабия" телеканалы маалымдады. Төрага шайлоого "Сириянын өлкөдөгү тургундары катыша алат" деп кошумчалады.

Сирияда үч жылдан бери уланып келаткан жарандык согушта 150 миңден көп киши ажал тапты. Акыркы күндөрү улам бир аймак козголоңчулардан өкмөттүк армиянын көзөмөлүнө өтүүдө.

Кечээ президент Башар Асад Пасха майрамынын урматына христиандар байырлаган кыштакка барып кетти. Ал жер жакында козголоңчулардан бошотулган.

Жаңжал башталган 2011-жылдан бери Асад борбор шаар Дамасктын сыртына көп чыкчу эмес.

XS
SM
MD
LG