Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Өзбекстандан келчү газ маселеси чечиле элек


Өзбекстандан Кыргызстандын түштүк аймагына келчү газ маселеси дагы эле чечиле элек. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев билдирди. Анын айтымында, "Узтрансгаздан" жооп болбой жаткандыктан бул маселени өкмөт деңгээлинде сүйлөшүү жолу менен чечүү каралууда:

- Бир жумадан бери "Кыргызгаздын" жетекчилиги жана Ташкенттеги кыргыз элчилиги "Узтрансгаз" менен "Узбекнефтегаз" ишканаларына кайрылуу жолдойт, бирок алардан эч кандай жооп жок. Эми өкмөт башчынын атынан Өзбекстандын премьер- министрине кат жиберебиз.

Ош жана Баткен облустары боюнча 60 миңдей абонент Өзбекстандан алынуучу көгүлтүр от менен камсыз кылынат. Бирок 15-апрелден бери газ токтогон. Өзбек тарап муну "Кыргызгаз" Орусиянын "Газпромуна" сатылып кеткендиктен, жаңы келишим түзүлө электиги менен түшүндүрүүдө.

Ал эми кыргыз тарап ишкана Орусияга өткөнү менен юридикалык документтер али бүткөрүлө электигин айтууда.

Кыргыз өкмөтү "Кыргызгазды" "Газпромго" 1 долларга саткан. Сатуу тууралуу келишимге быйыл 10-апрелде кол коюлган. Ага ылайык, "Кыргызгазпром" ишканасы түзүлүүдө. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG