Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Кошмо Штаттар Орусия боюнча жакын арада чечим кабыл алат


Жаңы санкцияларды киргизүү чечими, эгерде Москва Женева келишимин аткарууга аракет жасабаса кабыл алынат. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жен Псакинин 21-апрелдеги билдирүүсүнө караганда, Мамлекеттик катчы Жон Керри Украинанын чыгышындагы жикчилдерди ээлеген имараттарды бошотууга жана көзөмөл-бекеттерин таштап кетүүгө Орусия ачык чакырыш керек дейт:

-Мамлекеттик катчы Орусияны Женева келишимин аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүп, жикчилдерди мыйзамсыз тосмолорду жана көзөмөл-бекеттерин бошотууга, мунапысты кабыл алып, саясий жолдор менен маселени чечүүгө ачык чакырууга үндөдү. Ал ошондой эле Москваны Европа Коопсуздук жана Кызматташуу уюмунун Украинадагы миссиясына жогорку даражалуу дипломатты дайындап, Украинада кырдаалдын жөнгөрүлүшүнө кызыкдар экенин көрсөтүүгө чакырды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өз кезегинде Женева келишимин аткаруу үчүн Украинанын батышына Кошмо Штаттар таасир этүүгө тийиш деди. (AiT)

XS
SM
MD
LG