Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Адам укугун коргоо жаатында БУУ менен кызматташтык талкууланды


Кыргызстан адам укугун коргоо боюнча эл аралык макулдашууларды аткаруу жагынан Борбор Азия үчүн үлгү. Мындай пикирин Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын аймактагы өкүлүнүн орун басары Элизабет да Кошта вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев менен жолугушуу учурунда айтты. Кечээ, 21-апрелде өткөн жолугушууда Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы, бул жаатта эл аралык документтердин аткарылышы, өлкө ичинде жасалып жаткан аракеттер тууралуу сөз болду. Айрыкча чет жакта иштеп жүргөн мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, балдардын укуктарын коргоо багытында ишти жакшыртуу талкууланды.

Бир миллиондон ашуун кыргызстандык учурда чет жакта жүргөнүн укук коргоочулар айтууда. Алардын көбү Орусияда жана Казакстанда. (RK)

XS
SM
MD
LG