Бишкекте немис музыкасынын жумалыгы өтүп жатат. 21-апрелде башталган маданий иш-чара 24-апрелге чейин уланат.
Германиянын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашкандай, баритон үндүү Петер Шёне менен фортепианочу Хольгер Берндсендин чыгармалары өздөрүнүн аткаруусунда тартууланат. Алар Улуттук консерваторияда жана музыкалык мектептерде мастер-класстарды да өткөрөт.
22-апрелде Улуттук филармониянын кичи залында немис классиктеринин ырлары менен романстары сунушталат. (АТе).