Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

“Кудайберген” базарында соодагерлер митингге чыкты


Бишкектеги “Кудайберген” базарынын сатуучулары соода орундарына ижара акынын 4 миң сомдон 8 миң сомго кымбатташына каршы митингге чыкты. Акцияны базардын кесиптик кошуундар бирдиги уюштурган.

Базардын ээси Элвира Сурабалдиеванын айтымында, соода орундарына баа акыркы жолу 2009-жылы көтөрүлгөн. Андан бери жерге салык беш эсе көтөрүлдү. Баанын жогорулашын адилеттүү деген Элвира Сурабалдиева каалабагандарга башка жактан орун издөөнү социалдык тармактагы жеке баракчасында жазган.

Бир сааттан ашуун убакытка созулган митингге базар жетекчилигинен эч ким чыккан жок. (SE\MiT)

XS
SM
MD
LG