Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Жумгалда жер көчкү коркунучу пайда болду


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын облусундагы Жумгал районунун Чаек айылында жер көчкү болушу мүмкүндүгүн эскертти. Айылдын Абдиев көчөсүндөгү өсүмдүк май чыгаруучу заводдун аймагында узундугу 55, туурасы 35 метрдин тегерегинде жер көчкү активдешкени байкалды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 21-апрель күнү көчкү кээ бир жерде 70 сантиметрге чейин жылганы аныкталган. Кооптуу аймактагы 3 үй-бүлөгө абал тууралуу маалымат берилди.

Кырсыктын алдын алуу үчүн жер көчкү активдешкен аймакка сиңип жаткан булактын нугун бурууга Чаек айыл өкмөтү жана райондук суу чарба башкармалыгынан бирден экскаватор, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, 60 метр арык казылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген 250 метр полиэтилен суу сиңүүчү арыктын астына төшөлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG