Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Мустафа Жемилевге беш жыл Крымга кирүүгө тыюу салынды


Крым татарларынын лидери Мустафа Жемилевге беш жыл Крымга кирүүгө тыюу салынды. Крым татарларынын парламентинин маалымат катчысы Жемилев 2019-жылга чейин “персона нон-грата” болуп жарыяланганы тууралуу 22-апрелде кабарланганын билдирди.

Мындай чечим Жемилев Крымга кирип баратканда чек арада кыска мөөнөткө кармалып чыккандан кийин үч күн өтүп жарыяланды.

Жемилев өткөн айда Крым Орусияга кошулгандан тарта орусиячыл жаңы өкмөт татарларга каршы репрессия баштаганын, көптөр иштен айдалып, орус паспортун сурагандарга каршылык болуп жатканын айтып чыккан. Крым татарларынын Межилиси Крымдын жаңы бийлигин жана мартта өткөн референдумдун жыйынтыктарын таануудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG