Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Куттуу-Сай боюнча жаңы юридикалык компания изделет


Schonherr Rechtsanwalte GmbH жана Berwin Leighton Paisner LLP юридикалык компаниялары Куттуу-Сай кени боюнча арбитражда Кыргызстандын кызыкчылыгын жактоодон баш тартты. Бул тууралуу бүгүн Геология жана минералдык ресурстар агенттигинен кабарлашты. Эми өкмөт жаңы юридикалык компанияларды издемекчи.

Кемин районундагы Ак-Түз айылында жайгашкан Куттуу-Сай кенинде күмүш, висмут, молибден, коргошун, бериллий сыяктуу бир катар баалуу металлдар бар. Алардын запасы 50 миң тоннадан ашык экени аныкталган. Бул кенди иштетүүгө лицензия канадалык Stans Energy ээлик кылган Кutisay Mining компаниясына 2009-жылы берилген. Алар Кыргызстанды эл аралык арбитражга берип, 118 миллион долларга жакын доо койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG