Бул тууралуу жоголгон кыздардын бири Айжамал Кожомбердиеванын апасы Айнура “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кызы 17-апрелде үйүнөн сыртка чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Айжамал Кожомбердиева менен чогуу дагы эки кыз жоголгон. Баары Бишкектин тургундары.
Айжамалдын апасынын билдиришинче, акыркы жолу жоголгон кыздардын биринин телефонунан “Ошто Сулайман тоодо жүрөбүз” деген SMS-билдирүү келген. Бирок текшере келгенде телефон ал күнү Талас облусунун Көк-Ой айылында колдонулганы аныкталган.
1996-жылы туулган Айжамал Кожомбердиева Кыргыз техникалык университетинин алдындагы колледждин студенти.
Милиция маалыматы барлар бул телефондорго чалса болорун айтууда: (0770 09-61-11, (0772) 26-87-80, (0777) 09-49-52, (0705) 56-45-54.(SE\ZB)