Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Ноокатта чагылгандан эки миңден ашуун кожолук жарыксыз калды


Ош облусунун Ноокат районунда кечээ, 21-апрелдин кечинде чагылган түшүп, электр линияларына зыян келтирди. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ноокат подстанциясында 14 мамычанын ортосундагы 700 метр жогорку чыңалуудагы зым үзүлүп, жарактан чыгып калды. Кырсыктын айынан 2096 кожолуктун жашоочулары электрсиз калды. Ошондой эле Темир-Корук айылындагы 1000 КВт трансформаторго да чагылган түшкөн. Натыйжада 120 кожолук жарыксыз калган. Жабыркаган аймакта оңдоо иштери жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG