Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Мектептеги зомбулук көйгөйү талкууланат


Бишкекте мектептеги зомбулук маселесине арналган талкуу өтөт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Зомбулуксуз мектеп" программасынан кабарлашты. 24-апрелде өтө турган жыйынга Бишкектин жана Оштун 28 мектебинде балдар арасындагы мамилени жакшыртуу жаатында иштеген адистер жана окуучулар өзүлөрү катышат. Бул жыйын мектептеги зомбулук тууралуу балдардын өз оозунан угууга багытталган алгачкы иш-чара болмокчу.

Акыйкатчы, ЮНИСЕФ жана кыргыз өкмөтүнүн жардамы аркылуу ишке ашып жаткан "Зомбулуксуз мектеп" программасы 38 мектепте иштеп жатат. Анын максаты - окуучулардын бирин-бири кордошун алдын алуу, элдешүүгө, чыр-чатактарды тынч чечүүгө үйрөтүү.

Соңку жылдары мектепте балдар да, кыздар да арасында түрдүү чыр-чатактар, бирине бири зомбулук көрсөткөн учурлар көбөйгөнүн укук коргоочулар айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG