Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

АКШ Сирияда химиялык курал колдонулганын текшерет


Кошмо Штаттар Сирияда үстүбүздөгү айда химиялык курал колдонулду деген соңку маалыматты текшерет. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Мамлекеттик Департаменттин өкүлү Жен Псаки билдирди.

Сирия оппозициясы көзөмөлдөгөн Кфар Зейта шаарында өндүрүштүк зыян заттар колдонулган деген маалымат бардыгы айтылган. Вашингтондун өкүлү хлор колдонулганы аныкталса, ал үчүн Дамаск жоопкерчиликти алаарын кошумчалады.

Сирия оппозициясы адамды ууландыра турган зат 11-12-апрелде Кфар Зейтанын үстүнө тик учак менен чачылганын билдирет. АКШнын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Саманта Пауэр бул маалымат тастыкталбаганын айтты.

Хлор Сириядагы жок кылына турган химиялык заттардын катарына кирген эмес. Ага карабастан АКШ куралдуу кагылыштарда химиялык заттардын колдонулушуна олуттуу көңүл бурат.

XS
SM
MD
LG