Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйыны өтөт


Орусия Федерациясында боло турган жыйынга Кыргызстандан да делегация катышат. Кыргыз делегациясын Коргоо кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Орузбаев жетектейт. Бул маалыматты Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары Темир Жумакадыров тастыктады.

23-апрелде Грозный шаарында боло турган жыйында ЖККУга кирген өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчылары уюмдун алкагында кызматташуу, Ооганстандагы кырдаал жана Украина маселеси талкууланары күтүлүүдө.

ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларус, Тажикстан жана Орусия мүчө. (AiT)

XS
SM
MD
LG