Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

“Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү сунушталууда


Мындай демилгени ЖК депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Эркингүл Иманкожоева бүгүн парламентте "Кендер тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатканда көтөрдү. Анын айтуусунда бул мыйзам өзгөртүлсө, Кумтөр ишканасын алтын кенин иштетүүнү ачык эмес, жер алдында жүргүзүүгө мажбур кылмак:

- Учурда кен иштетүүчү ишкана таштандынын тоннасына 1 сом 20 тыйындан төлөп коюп, каалашынча төгүп жатат. Бул улана берсе, жакында мындай акыга чет мамлекеттер да таштандыларын Кыргызстанга апкелип төгө башташат, - деди депутат.

Демилгени ЖК спикери Асылбек Жээнбеков да колдоп, Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча мурунку бийлик түзгөн ката келишимди азыркы бийлик оңдоого аракет кылып жатканын билдирди.

Бүгүн парламент “Кендер тууралуу” мыйзам долбоорун 2-окууда кароодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG