Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Апрель соту уланууда


Бүгүнкү отурумда соттолуучулар жана алардын адвокаттары жарыш сөзгө чыгышты. Алар тергөөдө күнөөлөр далилденбегенин айтып, ишти кайра тергөөгө жиберүү керектигин талап кылууда. Учурда жараян уланып жатат.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар соттолуучуларга коюлуп жаткан айыптардын деңгээлине жараша 10 жылдан 25 жылга чейин жаза мөөнөтүн сунушташкан. Мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновду сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу сунушталган.

Ал эми атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн жана мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерин "адам өлтүрүү" айыбы боюнча актоо, "ишенип берилген куралды жоготуу" айыбы боюнча эки жылга кесүү суралган. Жабырлануучулар мамлекеттик айыптоонун мындай позициясына нааразы болуп, өткөн жумалардагы жараяндарга катышуудан баш тарткан болчу.(ZB;ZKo)

XS
SM
MD
LG