Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Токтогул суу сактагычында суу бир жылда дээрлик 20% азайды


Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бир жылда 2,5 миллиард куб метрге азайган. Бүгүн ал 8 миллиард 512 миллион куб метрди түзөт. Ал эми 2012-жылы 23-апрелде 13,5 миллиард куб метр суу бар болчу.

“Түндүкэлектро” ишканасынын маалыматы боюнча бүгүнкү күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундуна 238 куб метрди түзүүдө, ал эми андан агып чыккан суу секундуна 353 куб метр болууда. Өткөн жылы кирген суунун көлөмү секундуна 288 куб метр, ал эми иштетилип чыккан суу 263 куб метр болчу.

Быйыл кышында кар аз жааганына байланыштуу адистер Токтогул суу сактагычында тиешелүү өлчөмдө суу чогулбай, жайында кургакчылык, күз-кыш айларында электр энергиясынын таңкыстыгына алып келүү коркунучу бардыгын эскертүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG