Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Көлдө катуу шамалдан айрым райондор электрсиз калды


Ысык-Көл облусунда өткөн түнү катуу шамал жүрүп, айрым райондор электр жарыгысыз калды. “Чыгышэлектр” ишканасынын маалымат катчысы Айдина Темиралиеванын айтымында, Каракол, Балыкчы шаарларында, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунда 50гө жакын жогорку чыңалуудагы зым үзүлгөн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен. Түнкүсүн атайын авариялык топ чыгып 15 линияны оңдого жетишкен. Оңдоо иштери дагы уланууда. (MK)

XS
SM
MD
LG