Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:39

Обама Азияны кыдырат


АКШ президенти Барак Обама бүгүн Азия өлкөлөрүнө бир апталык сапарын баштайт. Ал Жапония, Түштүк Корея, Малайзия жана Филиппинге барат.

АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс билдиргендей, ар бир барган өлкөсүндө Обама өзгөчө басымды эки тараптуу мамилелерге жасайт.

Ошондой эле Токиодо Обама жана Жапониянын премьер-министри Синдзо Абе мындан мурда пландалып, бирок токтоп калган “Тынч океан боюндагы өлкөлөрдүн өнөктөштөгү” эл аралык соода-экономикалык уюмунун түзүлүшү тууралуу сүйлөшөөрүү күтүлүүдө. Уюмга 12 өлкө кирмек.

Бул акыркы 18 жылдагы америка президентинин Жапонияга болгон биринчи мамлекеттик сапары.

Сапар Жапония менен Кытай ортосундагы Чыгыш Кытай деңизиндеги Сенкаку аралдарынын талаш-тартышы жана Корей жарым аралындагы чыңалуу күчөп турган убакытка туш келди.

XS
SM
MD
LG