“Ачык асман” долбоорун быйыл июнь айында баштоо тууралуу өкмөттүн долбооруна ылайык, аны ишке ашыруу “Манас” аэропорту менен Транспорт жана байланыш министрлигине тапшырылды. Ошондой эле Кыргызстандагы ишкерлер биримдиги алыскы аймактарда жайгашкан туристтик комплекстерге алып баруучу жолдорду куруу боюнча сунуштарын берүүгө тийиш. Мындан тышкары Транспорт жана байланыш министрлигине, Туризм департаментине, Туристтик операторлор ассоциациясына Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө салым кошуучу өлкөлөрдөн авикаттам уюштуруу милдеттендирилди.
Кыргызстанга “Ачык асман” саясатын киргизүү демилгеси 2011-жылы көтөрүлгөн. Буга Транспорт министрлиги жана Жарандык авиация департаменти кезегинде “жергиликтүү аба компанияларынын кызыкчылыгы корголбой калат” деген жүйөө менен каршы чыккан эле. (ZKo)