Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Ооганстанда шайлоо жыйынтыгын жарыялоо жылдырылды


Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы билдиргендей, президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо 2 күнгө жылдырылды. Анын себебин “шайлоо учурундагы мыйзам бузууларды изилдөө жана добуштарды кайра санап чыгуу үчүн“, - деп түшүндүрүштү. Комиссиянын өкүлдөрү кошмучалагандай, шайлоонун акыркы жыйынтыктары 26-апрелде белгилүү болот.

Буга чейинки саналган добуштарга ылайык, президенттик шайлоодо алдыда мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла лидерлик кылууда.

Бюллетендердин 50% санап бүткөндөн кийин, ал шайлоочулардын 44,4% добушун алганы белгилүү болду. Экинчи орунда – 33,2% добуш менен мурдагы каржы министри Ашраф Гани келе жатат.

XS
SM
MD
LG