Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Тажикстанда көз карандасыз басылма жабылды


Прокуратуранын чечими менен көз карандысыз “Пайк” гезити жабылды. Басылма Хатлон аймагындагы жалгыз эркин гезит болчу. Облустук прокуратуранын чечимине ылайык, гезиттин каттоо мөөнөтүнүн бүткөнүнө беш ай болгон. Бул үчүн башкы редакторго 400 сомони айып пул да жазылды. Гезит кайра каттоодон өтмөйүнчө ишмердүүлүк жүргүзө албайт.

Башкы редактор Ахмад Иброхим басылманы кайра каттоодон өткөрүү тууралуу буга чейин эскертүү берилбегенин айтып жатат. Анын пикиринде, гезитти бийликти сындаган макалаларды көбүрөөк басканы үчүн ушул жол менен жаап коюшту.

XS
SM
MD
LG