Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

«Маалымат укугу борбору» сөз эркиндигин тизгиндөөгө каршы


Такталбаган кабар тараткандарды жазалоого байланыштуу мыйзамга президент кол койсо, Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелип, журналисттерге кысым күчөйт. Бишкектеги “Маалымат укугу борборунун” адистеринин тыянагы ушундай.

“Эгер бул мыйзам иштей баштаса, сөз эркиндигинин сакталышы боюнча Борбор Азияда сап башында турган Кыргызстандын медиа айдыңындагы аброю кетет”,- деп жазылат тыянакта.

Аталган мыйзам Кыргызстандын Конституциясына каршы келерин билдирип, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович да 23-апрелде президент Алмазбек Атамбаевге кайрылган.

16-апрелде Жогорку Кеңеш жалган маалымат тараткандарга жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоорду экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Аны 80ден ашык депутат колдогон. Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилип, такталбаган маалымат тараткан журналист бир жылга чейин камалат.

Мыйзам долбоору мамлекет башчы кол койсо, күчүнө кирет. (SE)

XS
SM
MD
LG