Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Ташкенттеги жарылуудан төрт киши жараат алды


Ташкенттин Шайхантахур районундагы “Лабзак” бизнес борборунда жарылуу болуп, төрт киши жараат алды. Жергиликтүү маалымат каражаттары жарылуу 23-апрель күнү кечке жуук газ топтолгонунан улам болгонун жазып чыгышты.

Жаракат алгандар ооруканага жеткирилди. Кырсыктын себептери тууралуу башка версиялар айтыла элек.

Күбөлөр тартып алган видео жана сүрөттөрдө жарылуу күчтүү болгонун, көтөрүлгөн чаң көчөнү каптап калганын көрүүгө мүмкүн.

Кырсыктан улам сегиз кабаттуу бизнес-борбордун имаратынын ылдыйдагы эки кабаты жарактан чыкты. Биринчи кабатта жайгашкан “Азия-Альянс” банкынын офистери толугу менен кыйраганы кабарланууда.

Күбөлөр имарат бир тарапка аз-маз кыйшайып калганын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG