Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Кыргызстан элдеринин конгресси президентке кайрылды


Кыргызстан элдеринин конгрессинин саясий кеңеши Июнь окуясы боюнча камакта жаткандарга мунапыс берүүнү суранып, президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылды. Бул тууралуу адам укуктары боюнча “Эдвокаси” борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2010-жылдагы Июнь калабасы боюнча 5067 кылмыш иши козголуп, анын 5 пайызынын гана бети ачылды. Абактагы ондогон кишилер өзүнө тагылып жаткан айып боюнча акыркы чечимди күтүп жатышат.

2010-жылдагы Июнь апаатында беш жүздөн ашуун адам каза болгон. Калабаны уюштурду деп айыпталган Кадыржан Батыров жана бир нече киши чет өлкөдө баш калкалап жүрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG