Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

Эстонияда Кыргыз киносунун күндөрү өтөт


Эстониянын борбору Таллин шаарында 30-апрелден 3-майга чейин Кыргыз киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу бүгүн "Айтыш-фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди. Ага "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" фестивалынын лауреаттарынын тасмалары катышат. Алар - Руслан Акундун "Өтмөк", Алижан Насировдун "Кара далы" жана Марсбек Бузурманкуловдун "Кылымдарды басым өткөн эл" фильмдери. Ошону менен катар Наргиза Маматкулованын жаңы тартылган "Зефир" лентасы да катышат.

"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" фестивалы былтыр декабрда өткөн. Ага КМШ, Балтия жана Грузиядан 15 тасма жана Кыргызстандан 10 фильм катышкан болчу.

Таллиндеги маданий иш-чара "Артис" кинотеатрында өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG