Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Маданият ишмерлери өкмөт үйүнүн алдына өкүрүп чыкты


Бир катар кинорежиссер, акын-жазуучу жана маданий ишмерлер бүгүн өкмөт үйүнүн алдына маданиятка "эсил кайран" айтып, өкүрүп чыкты.

Кинорежиссер Садык Шер-Нияз өкмөт маданият тармагына көңүл бурбай жатканын айтты.

- Биз маданият министри Камила Талиевага каршы чыгып жаткан жокпуз. Болгону маданият тармагына бийликтин көңүлүн бургубуз келет. Жаңы министрге колдоо көрсөтүшүбүз керек. Бирок жалгыз министрдин колунан эч нерсе келбейт. Бул тармакка каражат аябаш керек, болбосо, талкалап алабыз. Парламенттеги айрым депутаттар Маданият министрлигин жоюш керек деген сунуш менен чыгып жатат. Маданий ишмерлер буга караманча каршы. Маданият жоголсо кыргыз эли жоголот.

Уюштуруучулар өкмөт үйүнүн алдындагы өкүрүк бийликтегилерге карата чоң белги экенин айтып, эгер тиешелүү көңүл бурулбаса ушул сыяктуу акциялар уланарын айтышты. (UEz)

XS
SM
MD
LG