Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Обама: Орусияга санкциялар күчөтүлүшү мүмкүн


АКШ президенти Барак Обама Украинадагы кризисти жөндөөгө багытталган Женева макулдашуусунун шарттарын сактабай жатканын айтып Орусияны айыптады. Жапонияда сапарда жүргөн Обама Москва ушул күнгө чейин кол коюлган келишимдер боюнча эч аракет көрбөгөнүн кошумчалады.

- Эгер мындан ары да Москва келишимдерди сактабаса, АКШ Орусияга санкцияларды күчөтүүнү улантат, - деп белгиледи Обама.

17-апрелде Женевада өткөн төрт тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Украинадагы мыйзамсыз куралчан топторду жок кылуу, административдик имараттарды орусиячыл жикчилерден бошотуу тууралуу атайын макулдашууга кол коюлган.

Сүйлөшүүгө Украина, Орусия, АКШ жана Евробиримдик өкүлдөрү катышкан.

XS
SM
MD
LG