Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Донбасста дагы бир журналист жоголду


Украинанын чыгышындагы Донецк облусунда дагы бир журналисттин дайыны табылбай жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары айтып чыгышты. Эки күндөн бери “Репортер” гезитинин штаттан тыш кабарчысы Евгений Гапич менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.

Акыркы жолу ал 22-апрелде эртең менен телефон аркылуу Артемовск шаарынан акыркы кабарларды айткан. Донбасска Гапич өзүнүн агасы Геннадий менен барган. Геннадий акыркы жолу Горловкадан жубайы менен байланышып, коркунуч болуп жатканын билдирген атайын кодду айтууга жетишкен.

Евгений Гапич Донецк, Харьков жана Луганск облустарын кыдырууга грант утуп алган. Ал чыгыш Украинадагы кризисти “Репортер” гезитине бир нече макала менен чагылдырууну көздөп жаткан.

Акыркы күндөрү Донбасста бир нече журналист барымтага алынган. 13-апрелде Славянскта журналист Артем Дейнегуну өз үйүнөн белгисиз бирөөлөр кармап кеткен.

16-апрелде Славянскта журналист Сергей Лефтер уурдалган. 21-апрель күнү эки италиялык жана бир белорус журналистти барымтага алып бошотушкан. 22-апрелде “Vice” деген америкалык журналдын кабарчысы Саймон Островскийдин жоголгону белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG