Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Армения Түркияны геноцид үчүн сындады


Армениянын президенти Серж Саргсян Түркия Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Осмон империясында массалык түрдө кырылган бир жарым миллион армянды геноцид курмандыгы катары тааныбай жатканып айтып сынга алды.

24-апрелде 1915-жылда каза тапкан армяндарды эскерүү күнүндөгү билдирүүсүндө Саргсян “Түркия моюнуна албоо саясатын улантып жатат” деп белгиледи.

Кечээ күнү эле Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган каза тапкандардын урпактарына көңүл айтуу менен "Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы бул окуя жалпыбыздын кайгыбыз" деп билдирген. Ошентип, түрк өкмөтүнүн башчысы бул окуяга байланыштуу алгачкы жолу көңүл айтты.

АКШ Мамдепартаменти Эрдогандын “тарыхый көңүл айтуусун” оң баалады.

XS
SM
MD
LG