Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Мигранттардын жогорку билим алуу көйгөйү талкууланды


Чет жакка иштегени кеткен кыргызстандыктардын жогорку билим алуу шарты жакшырууда. Бул тууралуу Бишкек гуманитардык университетинен кабарлашты. Аталган окуу жайдын Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунда бүгүн өткөн талкууга өкмөт, эмгек биржа өкүлдөрү, укук коргоочулар жана Орусия менен Казакстандагы кыргыз элчиликтеринин дипломаттары катышты.

Жыйында дистанттык окутуунун заманбап ыкмалары, технологиялары тууралуу сөз болуп, жаңы мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Былтыр ноябрь айында Кыргызстандын билим берүү жөнүндөгү мыйзамына өзгөрүү кирип, дистанттык билим берүү деген түшүнүк окутуунун формасы катары эмес, окутуу технологиясы деп таанылган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы бар. Алардын 31и мамлекеттик. Студенттердин жалпы саны 230 миңдин тегерегинде. Сырттан окуу бөлүмүндө окугандардын саны соңку жылдары 2-3 эсе азайды. Буга мамлекет тарабынан коюлуп жаткан талаптын күчөгөнү себеп болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG