Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Сабалган журналисттин иши иликтенүүдө


Белгисиз бирөө тарабынан сабалып, колу сынганы айтылып жаткан журналист Арслан Сартбаевдин ишин милиция иликтеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

- Өзүнө барып, жолугуп, эмне үчүн күч органдарына кайрылбаганын сурасам, дайындуу жооп берген жок. Окуя болгон жерге барып, кошуналары, соода дүкөнчөлөрүнөн барып сураштырсак, эч ким андай мушташты көрбөптүр. Бул окуя Мелис Турганбаевге көө жабуу үчүн атайын бирөөлөр тарабынан уюштурулган болушу да мүмкүн.

“Азия ньюс” гезитинин башкы редактору Арслан Сартбаев 22-апрелдин кечинде үйүнүн жанында бейтааныш адамдын ур-токмогуна кабылганын журналисттерге кабарлаган. Анын айтымында, кол салган адамдардын бири “Мелис Турганбаевдин досумун” деген.

Сартбаев бул анын кесиптик ишмердигине байланыштуу экенин "Азаттыкка" билдирип, Шаардык милициянын жетекчиси Турганбаевдин дарегине сын макалаларды жарыялаганынан улам ушундай ур-тепкиге кабылганын айтат. Ошондуктан милицияга эмес, прокуратурага кайрыларын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG