Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Киев: президенттик шайлоо кырдаалга карабай өтөт


Украинанын түштүк чыгышында окуялар өрчүүдө. “Донецк элдик республикасынын” бийлик өкүлдөрү 25-майда өтүүчү шайлоого катышпай турганын билдиришти.

Азыр чөлкөм эли 11-майга белгиленген көз карандысыздык тууралуу референдумга Луганск облусу менен бирдикте даярданып жатышат. Бул тууралуу ИТАР-ТАСС маалымат агенттигине сепаратисттердин лидерлеринин бири Денис Пушилин билдирди. Анын пикиринде, азыр Украинанын чыгышын жана батышын канааттандырган президентти шайлап алуу кыйын.

Пушилин кошумчалагандай, азыр Донецк облусунда референдумга катуу даярдык көрүлүүдө. Анда жашоочуларга бир эле “ Донецк элдик республикасынын өз алдынча болуусун колдойсузбу?” деген суроо берилет. Борбордук жана аймактык шайлоо комиссиялары түзүлгөн жана жакында бюллетендер басылып баштайт.

Киев болсо өлкөнүн чыгышында окуялар кандай өнүксө дагы, шайлоо өтөрүн билдирди. Бул тууралуу ТСН каналына Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Михаил Охендовский билдирди. Анын айтымында, добуш берүү “өлкө аба ырайына карабайт”.

XS
SM
MD
LG