Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Экономика министрлиги реэкспорттун төмөндөө себебин атады


“Дордойдогу” ишкерлер Кытайдан алынып келинген товарларды сатуу менен алектенет, бирок 2010-жылы Казакстан Бажы биримдигине киргенден бери чек арасын бекемдегенине байланыштуу мындай соода азайды. Ошондуктан бул маселени Бажы биримдигинин алкагында гана чечүү мүмкүн.

Бул тууралуу бүгүн экономика министри Темир Сариев парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында отчет берип жатып билдирди. Анын айтуусунда, “Дордой” базарындагылар Бажы биримдигине кирүүнү тездетүүнү суранып жатат. Тигүүчүлөр ассоциациясы да ушуну талап кылууда. "Чек ара ачылса, Кыргызстанда тигилген кийим-кече, товарларды сатуу мүмкүнчүлүгү да кеңейет" деп кошумчалады министр.

Кыргыз өкмөтү бүгүн парламенттеги көпчүлүк коалициянын алдында өткөн жыл үчүн отчет берүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG