Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

Керри Москваны Украинаны “чайпалтууда” деп сындады


АКШ Мамкатчысы Жон Керри 24-апрелде Вашингтондо журналисттер менен кездешүүдө Орусия Украинадагы саясатын “өзгөрткөнгө мүмкүндүк берчү терезени” жаап салды, Украинадагы кырдаалды деэскалация боюнча бир жума мурда Женевада жетишилген макулдашууну аткаруу үчүн “бир да конкреттүү кадам жасабады” деп билдирди:

- Бир нече күн Орусия туура багытта бир конкреттүү кадам жасагандан баш тартты. Орусиялык бир да расмий адам Украина телеберүүсүнө түз чыгып, жикчилерди Женева келишимин колдоого, куралын таштоого жана өкмөттүк имараттардан чыгып кетүүгө чакырбады. Аларга мындай кайрылуу жасашпады.

Керринин айтымында, Орусия Украинадагы демократиялык жараяндарды жана стабилдүүлүккө каршы аракетин уланта берсе, кесепети жаман да, кымбат да болот.

Учурда Батыштын жана Орусиянын расмий адамдары ортосунда күчтүү кайым айтышуу жүрүүдө.

Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин улуттук телеканалдардын бирине берген интервьюда БУУнун Баш катчысын украин өкмөтүнүн “саясый оппозицияга каршы аскер колдонуусун” сындашы шарт деди.

XS
SM
MD
LG