Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Оторбаев: Ошто газ качан болору белгисиз


Кыргызстандын түштүгүн көгүлтүр от менен камсыз кылууну жандантуу тууралуу кыргыз тараптын аракеттери азырынча майнапсыз калууда. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында отчет берип жатып билдирди. Анын айтуусунда, бир жумадан бери Өзбекстандын өкмөтүнө, “УзТрансГаз” ишканасына каттар жиберилген. Бирок жооп жок.

Премьер-министр Оштун газсыз калышы Өзбекстандын бир тараптуу чечими болгонун айтты.

“Ар-Намыс” фракциясынын мүчөсү Бөдөш Мамырованын “Эртең “КазТрансГаз” да ушундай кадам кылса кандай болот?" деген суроосуна “Газпром" кепилдик берди, Чүй менен Бишкекте газ өчпөйт. Казакстан Орусиядан газ алат, ошондуктан, алардан газ алуу токтобойт” деп жооп берди Жоомарт Оторбаев.

Ош шаарында 15-апрелден бери көгүлтүр от жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG