Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге 45 миллион сом бөлүндү

Социалдык өнүктүрүү министрлиги быйыл Жеңиштин 69 жылдыгына карата ардагерлерге 45 млн. сомдон ашуун кошумча төлөп берет. 1 431 катышуучу, Ленинград блокадасында калгандар, концлагер туткундары 10 миң сомдон алат. Ошондой эле 5 672 кишиге беш миң сомдон берилет, алар согушта каза тапкандардын жесирлери, тылда иштегендер, жумушчу армиясында кызмат өтөгөндөр. Жалпысы болуп 7 100 кишиге бир жолку жөлөкпул “Кыргызпочтасы” аркылуу берилет.

Мындан тышкары 9-Майга карата ардагерлерге 100 сомдон 600 сомго чейин кошумча төлөнүп берилет. (ZKo)
XS
SM
MD
LG