Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:44

АКШ президенти Барак Обама Токиодон Сеулга келди


Обаманын Азиядагы апталык сапары Түндүк Кореянын ядролук программасына байланыштуу чыңалуу курчуп турган маалга дал келди. 23-апрелде Түштүк Корея жетекчилиги Пхенян кайсы бир күнү ядролук куралды сыноосу мүмкүн экенин билдирген. Кошмо Штаттардагы Жон Хопкинс университетинин АКШ - Корея институтунун 25-апрелде маалымдашынча, эки күн илгери космостон тартып алынган сүрөттөр Түндүк Кореяда “ядролук жардырууга тиешелүү даярдыктар жүрүп жатышы ыктымал" экенин көрсөтөт. 25-апрель Түндүк Кореяда Элдик армия күнү.
 
Барак Обама жана Жапония премьер-министри Синдзо Абе, мурда мерчемделгендей, эки өлкө аралык соода келишимине кол койгон жок. Расмий билдирүүдө ортодогу келишпестик болгону менен сүйлөшүүдө оң жылыш бар экени белгиленет.

 

XS
SM
MD
LG