Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Иранда бензин кескин кымбаттады


Андан улам май куюучу жайларда түн ортосуна чейин айдоочулар узун кезекте турушту. 1 литр бензин мурда 28 цент (0,28 доллар) турса, азыр 39 центтен сатылууда.

Иранда өкмөт бензиндин баасын субсидиялайт жана ал дүйнөдөгү бензин эң арзан мамлекеттердин бири. Өлкөдө жумушсуздук деңгээли жогору, ошол эле маалда бош жумуш орундары да көп. Инфляция 35 процентке жетет.

2007-жылы газдын баасы көтөрүлгөндө эл ичинде тополоң чыккан. Иран өзүнүн талаштуу ядролук программасына байланыштуу бир нече жылдан бери эл аралык санкциядан жапа чегүүдө. Санкцияны жеңилдетүү үчүн президент Хасан Роухани ядролук программа боюнча сүйлөшүүнү жигердүү жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG