Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:21

Улуттук кеңеш шайлоого даярдыкты талкуулоодо


Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин бүгүнкү жыйынында 2015-жылы Жогорку Кеңешке шайлоону таза жана адилеттүү өткөрүү маселеси талкууланууда. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баяндама менен чыгып, даярдык тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 2015-жылдын 1-июлуна чейин “Кыргызстандык жарандардын биометрикалык каттоосу тууралуу” мыйзам кабыл алынып, маалымат базасы түзүлмөкчү. Бул үчүн өкмөт президенттик аппарат менен чогуу үстүбүздөгү жылдын 7-майына чейин жарандардын биометрикалык маалыматын жыйноо жараянын уюштуруп, башкаруучу атайын борбордук штаб түзүүнү көздөөдө.

Борбордук штабга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жетекчилери кирет. Облус, район, айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде аймактык штабдар түзүлмөкчү. Биометрикалык маалыматты чогултуу үстүбүздөгү жылдын 31-августунан башталат деп кошумчалады биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев.

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде эгер бул айтылгандар быйыл сентябрга чейин ишке ашырылбаса, өкмөттүн шайлоого жооптуу мүчөлөрү кызматтан кетет деп эскертти. (EBM;ZKo)

XS
SM
MD
LG