Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:14

Атамбаев: Ашынган улутчул болуунун пайдасы жок


Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев Улуттук кеңештин жыйынында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселесин талкуулоо учурунда билдирди. Мамлекет башчы “кыргыз тилинде гана болсун” деген ашынган улутчулдук жикчилдердин күч алуусуна алып келет деп эсептейт.

Ал өзүн “кыргызча сүйлөбөйт” деп сындагандарга жооп айтып, “Путин же Гүл менен кыргыз тилинде, котормочу аркылуу сүйлөшүү менен маселе чечилип калбайт” деп айтты.

Президент ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча программалар сөзсүз түрдө ишке ашырыларын, бирок ашынган улутчулдукка жол берилбесин эскертти. (EBM;ZKo)

XS
SM
MD
LG