Орал шаарындагы ат спорту мектебинин мурдагы директору Нурлан Тахамбетовду “Уральская неделя” басылмасынын журналисти Лукпан Ахмедяровдун “өмүрүнө кол салууну уюштурган” деп тапкан сот өкүмүн бейшембиде чыгарды. Тахамбетов болсо өзүнүн айыпсыз экенин айтууда.
Журналистти эки жыл мурун 19-апрелде бычактап, кийин травматикалык тапанча менен атып кетишкен. Жаракат алган Ахмедяров аман калган эле. Ошол кол салууга катышкан деген күнөө менен былтыр төрт киши узак мөөнөткө түрмөгө кесилген. Ахмедяров өзү жана анын кесиптештери ага кол салууну журналисттик ишмердүүлүгү жана жергиликтүү бийликти сындаган макалалары менен байланыштырып келишет.