Cебеби Москва Украинанын чыгышындагы кырдаалды деэскалациялоо боюнча Женева макулдашуусун аткаруу үчүн жетерлик аракеттенбей жатат. Мындай эскертүүнү Германия канцлери Ангела Меркел Орусиянын президенти Путинге айтты. Бул тууралуу Меркел 25-апрелде билдирди:
- Мен Орусия президентине бүгүн бул эскертүүнү бүгүн эртең менен айттым. Украина Женева келишимин аткаруу үчүн бир топ кадамдарды жасады. Макулдашуу боюнча Украинадагы жикчилдерге таасир өткөрүлүп жатканын көрбөгөнүмдү да ачык айттым.
Меркел айым Берлинде Польшанын премьер-министри Доналд Туск менен сүйлөшкөндөн кийин жасаган билдирүүсүндө Москвада Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерди өкмөттүк имараттардан чыгып кетүүгө көндүргөндөй “күч” бар экенин билдирди.
Ангела Маркел Орусияга каршы дагы санкция киргизүү жагын Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон, Франциянын президенти Франсуа Олланд, Италиянын премьер-министри Маттео Рензи жана АКШ президенти Барак Обама менен телеконференцияда талдай турганы кабарланды.
Обама да Сеулга жасаган визити учурунда Европанын негизги лидерлери менен Орусиянын банк жана энергетика тармагына санкция колдонуу мүмкүндүгү 25-апрелде талкууланарын билдирген.