Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Пакистандыктарга 130дай кыргыз айым турмушка чыккан


Пакистандын жарандарына турмушка чыгып, ал жакта жашап жүргөн 130дай келин бар. Бул элчиликке катталган расмий көрсөткүч. Каттоосу жокторду эсептесе, бул сан дагы өсүшү мүмкүн. Мындай маалыматты “Азаттык” радиосуна “Пакистандагы кыргыз айымдардын бирлиги” уюмунун төрайымы Жамал Папиева билдирди. Анын айтымында, кыргыз келиндердин 80 пайыздан ашууну айыл жергесинде турушат жана турмуш-шартына нааразы. Эң азы эки, эң көбү беш балалуу. Көпчүлүгү Кыргызстанга окууга барган жигиттер менен таанышып, турмуш кургандар.

Исламабаддагы кыргыз консулдугунда Пакистанга күйөөгө тийген айымдардан сырткары, 200гө жакын кыргызстандык жаран катталган. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG