Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Ош шаарын өнүктүрүү планы кабыл алынды


Ош шаардык мэриясы сунуштаган "Ош шаарынын 2014-2017-жылкы өнүктүрүү программасынын” долбоорун шаардык кеңеш бир добуштан колдоп берди.

Долбоорду жыйында вице-мэр Ильич Эргешов коргоду. Мурдараак аталган программа коомчулуктун талкуусуна коюлган.

Планда Ош шаарын өнүгүүнүн аймактык борборуна айландыруу, Борбордук Азиядагы негизги байланыш түйүнү, жашоонун жогорку деңгээли жана сапаты бар заманбап шаарга айландыруу максаттары коюлган. Аны 4 жылда ишке ашырууга 6 млрд. сом керектелет.

Айрым бейөкмөт уюмдар шаардын бүгүнкү абалы анализденбей стратегиялык план түзүлүп калганын жана аны талкуулоого аз гана убакыт берилип калганын айтышкан.

Ош шаарынын макамы жөнүндө мыйзамга ылайык, Оштун мэри шайлангандан кийин 100 күндүн ичинде өз программасын сунушташы керек. (ErN)

XS
SM
MD
LG