Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Ветеринарлардын башчысына сөгүш берилди


Кыргызстанда алгач жолу белгиленип жаткан ветеринарлардын кесиптик майрамында Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Азизбек Шакировго сөгүш жарыяланды. Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев үй жандыктарын жазгы эмдөө иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөнү үчүн ушундай чечим кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Бир апта мурун вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев да Азизбек Шакировдун жумушун сынга алган.

Шакиров бүгүнкү чогулушка катышкан жок. Ал ооруп калгандыктан келе албаганы кабарланды.

Ветеринария кызматынын башчысынын иши жакында кайра каралмай болууда.

Кыргызстанда апрель айынын акыркы ишембисин ветеринарлардын кесиптик майрамы катары белгилөө боюнча парламент токтому 2013-жылдын августунда чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG